КАТ IV
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кургаганда, куураганда же муздай болуп тоңгондо катуу абалга келүү, катуу болуп калуу. Бирөө жумурткасын, бирөө чүрүшүп каткан өрүгүн базарга сатып, бака-шака түшүп калышчу (Сасыкбаев). Суу тоңгон көк жалама муздар катып (Бөкөнбаев). Жер ката электе айдоо, себүү жумуштарын аяктап койсок болчудай («Ала-Тоо»). 2. Былк этпей туруп калуу, кыймылдабоо. Акмат күүнү тыңшап, катты да калды (Жантөшев). Итике селейип катып калды (Убукеев). Бекназар булдурсунду бүктөй кармап жерге матап таянып, былк этпей катып отурду (Касымбеков).